Тынчтык Шайназаров мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошеванын билдирүүлөрүнө жооп берди
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошеванын билдирүүлөрүнө жооп берди.
«Жылдызкан Жолдошеванын мен тууралуу, биздин депутаттык ишмердүүлүк учурунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду сабап, аны менен бүгүнкү күнгө чейин мактанып жүргөнүм тууралуу айткан билдирүүлөрү мени жагымсыз таң калтырды жана катуу капалантты. Бул толук бойдон ойдон чыгарылган жалаа, ушак жана коомчулукту адаштырууга багытталган манипуляция.
Ал эми 20 килограмм героин тууралуу айтылган сөздөргө комментарий берүүнү да туура көрбөйм. Мындай нерсени психикалык абалы туруктуу эмес, маразмга кабылган, акыл-эси жайында эмес адам гана ойлоп табышы мүмкүн.
Эгер Жылдызкан Жолдошева кааласа, анын психиатрга дарылануусуна кеткен чыгымдарды өзүм көтөрүп берүүгө даярмын жана бул аркылуу анын психикалык абалын жакшыртууга жардам берейин»