Бишкекте “Даамдуу” тез тамактануучу жайдан массалык уулануу катталды
Бишкекте “Даамдуу” тез тамактануучу жайдан массалык уулануу катталды
Бишкекте тамакка ууланган 17 адам ооруканага жаткырылды, алардын төртөө балдар.
Маалыматтарга ылайык, алар «Даамдуу» тез тамактануучу жайынан шаурма жешкен.
Инфекциялык оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев уулангандар түштөн кийин кайрылып баштаганын билдирди.
Дарыгер тиешелүү материалдар жана анализдер изилдөөгө жөнөтүлөрүн кошумчалады.