Чоң чүй каналына агып кеткен адамдар изделүүдө
Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Аламедин-1 кичи районунда алдын ала маалымат боюнча Чоң Чүй каналына 3 адам (аты-жөндөрү такталууда) түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Айрым булактар агып кеткен адамдар “Тазалык” ишканасынын кызматкерлери болгонун жазууда.
Аларды издеп-куткаруу иштерине саат 09:05те Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринен кошумча маалымат берилет.