Камчыбек Ташиев: Аялга, өзгөчө — энеге кол салууну актоого болбойт

Ташиев: Аялга, өзгөчө — энеге кол салууну актоого болбойт

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күн мурун мурдагы күйөөсү тарабынан атып өлтүрүлгөн аялдын каргашалуу өлүмү боюнча өз пикирин билдирди.

"Эркек катары, ата катары жана мамлекеттин өкүлү катары, мындай кылмышка эч кандай шылтоо жок жана болушу да мүмкүн эмес.

Адам башка бирөөнүн өмүрүн кыйып жатса, "үй-бүлөлүк чыр-чатак", "эмоция", "ичимдик" же "жеке жагдайлар" тууралуу айтылган сөздөр орунсуз. Аялга, өзгөчө — энеге кол салууну актоого болбойт. Бул жөн эле тиричиликтеги уруш эмес. Бул — киши өлтүрүү.

Мамлекет аялдарды жана балдарды өзгөчө коргоого милдеттүү жана коргойт. Аялга кол көтөргөн, ал тургай курал кезеген ар бир адам, жаза катаал жана кутулгус болорун билиши керек. Мындай учурларда мыйзам эч качан жеңилдик бербейт.

Бул факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат жана күнөөлүү адам мыйзам чегинде эң оор жаза алат. 

Каза болгон келиндин балдарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам",- деди ал.

13:21, 25-12-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар