Токмоктогу мал базар 1-январдан тарта жабылат

Токмоктогу мал базар 1-январдан тарта жабылат

Токмок мал базарындагы шарттарды чагылдырган видеого байланыштуу коомчулукта катуу нааразычылыктар пайда болгондон кийин бийлик базарды жабууну чечти. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Буга чейин базарга келгендердин бири базардын аймагы жаандан кийин соода кылууга мүмкүн эмес болуп калганын видеого тартып жарыялаган. 

Окуя болгон жерге президенттин Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Азамат Осмонов да барып, текшерүү иштерин жүргүздү. 

Ал текшерүүдөн кийин базардын, соода жолдорунун, кире бериш жолдорунун абалын айтып: «Регион үчүн уят» экенин белгилеген. 

Натыйжада ветеринардык, санитардык, эпидемиологиялык жана экологиялык талаптардын системалуу түрдө бузулушуна, ошондой эле коопсуздук жана инфраструктуралык стандарттардын сакталбагандыгына байланыштуу жергиликтүү бийлик 2026-жылдын 1-январынан тартып мал базарды жабуу чечимин кабыл алды.

11:26, 23-12-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар