Бишкек мэриясы мектептер ишин кадимки режимде улантканын билдирди
Бишкек шаардык мэриясы 17-октябрда калаадагы муниципалдык мектептер кадимкидей офлайн режимде окуусун улантканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы ошол эле мезгилде чаташуудан улам айрым мектептерде кээ бир окуучулар келбей калган болушу мүмкүн экенин айтты.
"Азаттыкка" айрым ата-энелер ырасташкандай, балдары эртең менен мектепке барбай калышты. Ата-энелерге кээ бир мектептердин мугалимдери кечке чейин, айрымдары түшкө чейин онлайн сабак өтүлөрүн айтышкан.
17-октябрда шаардагы менчик мектептер окуусун онлайн режимде улантканы кабарланды.
16-октябрдын кечинде белгисиз адам интернет аркылуу видео кайрылуу таратып, 17-октябрда Бишкектеги мектептерге кол салып, балдардын өмүрүн кыярын билдирген.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) кечке жуук Бишкектеги мектептердин окуучуларын коркуткан жарандын тек-жайы аныкталганын, ал Кыргызстанда эместигин, коркунуч жоктугун билдирген. Милиция шаардагы билим берүү мекемелеринде зарыл иш-чаралар өткөрүлүп, шектүү буюмдар жана коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайлар аныкталбаганын маалымдаган.
Мунун фонунда Бишкек шаарынын мэриясы 17-октябрда борбордогу муниципалдык мектептерди онлайн режимге өткөргөнүн кабарлаган. Көп өтпөй мектептер ишин мурдагыдай эле уланта турганын расмий жарыялаган. Экинчи маалымат түн жарымда тарагандан улам бардык ата-энелерге жеткен жок.
Милиция 17-октябрда күчөтүлгөн тартипте иштей турганы кабарланган. Министрлик жарандарды сабырдуулукту сактоого жана дүрбөлөңгө алдырбоого чакырууда.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, коркутууларды тараткан адам 2005-жылдын 23-октябрында туулган чет элдик жаран Овсюк Ярослав Михайлович болуп чыкты. Алынган маалыматтар боюнча, аталган жаран мурда Орусиянын ИИМи тарабынан телефон аркылуу терроризмге шектелип, эл аралык издөөдө жүргөн. “Анын Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөнү катталган эмес”, - деп жазылган Кыргызстандын ИИМинин маалыматында.
Кыргызстанда буга чейин мектепте "бомба" коюлганын айтып, окуучулар эвакуация болгон учурлар көп катталган. Текшере келгенде бул маалыматтар жалган болуп чыккан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) террордук актылар тууралуу жалган маалыматтарды аныктоо үчүн бардык керектүү техникалык мүмкүнчүлүктөр бар экенин эскертип келет.
Кылмыш-жаза кодексинин “Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган адам бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартылат же айыпка жыгылат. Беш жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы да каралган.