Мирзиёев "Жаңы Ташкент" эл аралык аэропортунун курулушуна старт берди

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент облусунда курула турган жаңы эл аралык аэропорттун курулушуна расмий түрдө старт берди. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде ишке ашат. Ага Сауд Аравиясынын Vision Invest, Япониянын Sojitz жана Түштүк Кореянын Incheon International Airport Corporation компаниялары өнөктөш болот.

Биринчи этабында наркы 2,5 млрд долларды түзгөн аэровокзал комплекси жана аэродром курулат. Долбоор толук ишке ашкан соң, аэропорт жылына 20 млн жүргүнчүнү жана 129 миң тонна жүктү тейлей алат.

Жаңы аба майданы Сингапур, Дубай жана Сеул сыяктуу эл аралык деңгээлдеги хабдардын үлгүсүндө курулуп, өлкө үчүн 27 млрд доллардан ашык киреше алып келери күтүлүүдө.

"Бул курулуш Өзбекстанды Чыгыш менен Батышты, Түндүк менен Түштүктү туташтырган ири авиациялык борборго айландырууга жол ачат", - деп белгиледи Мирзиёев.

Учурдагы аэропорт шаар ичинде жайгашкандыктан кеңейтүүгө мүмкүн эмес. Ошондуктан жаңы эл аралык аэропорт Ташкент облусундагы 1300 гектар аймакта курулмакчы.

 

08:53, 17-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар