Борбор Манас шаарына көчөбү? Мэрдин жообу

Эгер борбор Манас шаарына которула турган болсо, биз аны сүйүнүч менен кабыл алабыз, бирок дагы убакыт керек. Мындай пикирин Манас шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков “Кабар” агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Манас шаарын өлкөнүн борборуна айлантууга даярдык жетишсиз.

“Борборду Манас шаарына которуу тууралуу мен эч нерсе деп айта албайм. Бирок, саясатчылар социалдык тармактардан өздөрүнүн ушундай сунушун, ой-пикирлерин айтышууда. Эгер борбор Манас шаарына которула турган болсо, биз аны сүйүнүч менен кабыл алабыз.

Жалал-Абад шаарын Манас шаарына өзгөртүү, шаарды өнүктүрүү иштеринин жүрүшүн өлкөнүн борборун Манаска которууга даярдык деп айта албайм. Эгер Манас шаарын борборго айлантуу чечими чыгып кала турган болсо, биз даярбыз. Бирок, дагы кичине иштөө үчүн убакыт керек. Андай чечим азырынча чыга элек. Бүгүнкү күндө борбордун жылышына даярдыгыбыз азыраак десем болот”,- деди шаар мэри.

 

 

11:45, 16-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар