Айсулууну өлтүрдү делген киши 11 жыл мурун Камиланы дагы муунтуп өлтүргөнүн айткан

Ысык-Көлдөгү Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектүү 11 жыл мурун Камила Дүйшөбаеваны да өлтүргөнүн моюндады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү маалымат булак билдирди.

41 жаштагы Кумарбек Абдыров тергөө учурунда 2014-жылы киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаеваны кантип өлтүргөнүн көрсөтүп берген.

Ал эми президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кыргызстанда да Чикатило сыяктуу маньяктар бар экенин айтты. Ал ошондой эле Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрдү деген шектүүнүн буга чейинки үрөй учурган кылмыштарын тизмектеди:

Кумарбек Айсулуудан мурда дагы кыз зордуктап, зордуктоого аракет кылып, муунтуп өлтүргөн фактылар ачылып жатат. Анын курмандыктары 17 жаштан 25 жашка чейинки кыздар болгон

Шектүү такси катары келип, кыздарды унаага салып, ээн жерге айдап, колун байлап, андан кийин зомбулук жасаган. Аларды тумчуктуруп, муунтуп өлтүргөн

Кумарбектин аракетинен эки кыз аман калып, биринде ага айып пул салынса, экинчисинде Бишкек шаардык сот "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренесин "Тоноо" беренесине өзгөртүп, мыкаачынын жазасын жеңилдеткен. Кумарбек ушундан улам жеңил жаза алып, бат эле эркиндикке чыккан

Орунбеков бул кылмыштар боюнча ИИМдин тергөөсүнүн негизинде ЭлТР телеканалы атайын материал жасаганы, ал бүгүн саат 11:00 чамасында түз эфирге чыгарын кошумчалаган.

Эске салсак, 19 жаштагы Камила Дүйшөбаева 2014-жылы "Достук" кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болгон. Бир жумадан кийин сөөгү Бишкектин четинен табылган. Кылмыш ишинде мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын тууганы Калыбек Элтуйбасовдун (Салянов) аты аталган болчу, бирок кылмыштын бети ачылган эмес.

Ал эми 17 жаштагы Айсулуу Мукашева 2025-жылдын 27-сентябрында түштө Барскоон айылынан Каракол шаарына чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан. 29-сентябрь күнү сөөгү Боом капчыгайына жакын жердеги Жел-Арык аймагынан табылып, зордукталып өлтүрүлгөнү билинген. 

 

10:33, 15-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар