Манас шаарында турмушка чыгуудан баш тарткан кызды 7 айдан бери уруп-сабап келген жигит кармалды

 Манас шаарында турмушка чыгуудан баш тарткан кызды 7 айдан бери коркутуп, уруп-сабап келген 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Соцтармакта бети канжалаган кыздын видеосу тарады. Анда Манас шаарында жашаган кыз тааныш жигити 5-октябрь түнү үйүнө келип өлтүрөм деп коркутуп, көчөгө алып чыгып кеткенин айткан. Кыздын билдиришинче, жигит аны мал базарга алып барып зордуктоого аракет кылып, унаа менен сүзүп өлтүрөм деп коркуткан. Кыз буга чейин милицияга бир нече жолу кайрылганын, бирок жигит жоопкерчиликке тартылбай келгенин белгилеген.

"Чоң кызматтагы кишинин баласымын деп коркутат, өлтүрүп коем, мени эч ким камай албайт дейт", — деген жабырлануучу.

Ал эми Жалал-Абад облустук милициясы аталган факт катталып, экспертизалар дайындалганын билдирди. Тартип сакчылары кыз менен жигит мурун сүйлөшүп, үйлөнүүнү көздөгөнүн, бирок пикир келишпестиктен улам урушуп кетишкенин кошумчалады.

Шектүү суракка алынган, экспертизанын жыйынтыгы менен анын аракетине юридикалык баа берилет.

10:57, 10-10-2025

Комментарийлер

securtiyforeveryone
securtiyforeveryone

Башка жаңылыктар