УКМК Бишкекте адвокат алдамчылыкка шек саналып кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкекте А.С.А аттуу адвокат Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренесине шек саналып кармалганын кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматында жабырлануучу сөз болуп жаткан жактоочу Бишкектин Ленин райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишин оң жакка чечип берүү убадасы менен 7 миң доллар каражат талап кылганын айтып, арыз жазган.

Шектүү адвокат 24-сентябрда талап кылган акчаны алып жатканда кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилгени айтылды. Анын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек.

2024-жылдын соңундагы расмий маалымат боюнча, өлкөдө 4700 адвокат каттоодон өткөн. Анын ичинен 2300ү Бишкек шаары менен Чүй облусунда иштейт. Ош облусунда 350дөй, калган аймактарда 100дөн жактоочу эмгектенет.

 

10:30, 01-10-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар