Евразиялык Сактык Банк Кызыл-Суу интернатына жардам көрсөттү

 

Евразиялык Сактык Банк Кызыл-Суу интернатына жардам көрсөттү

Евразиялык Сактык Банкы Кызыл-Суу атайын мектеп-интернатында тарбияланып жаткан балдарга колдоо көрсөтүү боюнча кайрымдуулук акциясын өткөрдү. Бул мектеп-интернат акыл-эс мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдарды тарбиялайт.
Банк азык-түлүк жана башка зарыл каражаттарды, балдардын ден соолугуна жана жыргалчылыгы үчүн тапшырды. 
Мындан тышкары, банктын кызматкерлери да өздөрүнүн демилгеси менен керектүү буюмдарды, кеңсе товарларын жана кошумча каражаттарды чогултушту. Бул акчага тигүү жана кол өнөрчүлүк боюнча сабактар үчүн материалдар алынды. Мындай сабактар балдарга келечекте кесип үйрөнүп, өз алдынча турмушун улантууга жардам берет.
Евразиялык Сактык Банк жана анын кызматкерлери муктаждарга жардам көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн терең түшүнүшөт. Банк өкүлдөрү мындан ары да ушундай кайрымдуулук иштерин улантаарына ишеним артарын белгилешти.

15:46, 24-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар