Кеминде жапайы жаныбарлар мыйзамсыз кармалып турганы аныкталды

Кемин районунда жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо фактысы аныкталды .

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, рейд учурунда «Кемин-Ордо» эс алуу аймагында жапайы жаныбарларды мыйзамсыз кармоо фактысын аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кызыл китепке кирген 2 дикобраз жана 15 кекилик кармалып жатканы белгилүү болгон. Ал эми ээси бул жаныбарларды кармоого уруксат берүүчү тиешелүү документтерди көрсөтө алган эмес. Мыйзамга ылайык, уруксаты жок кармалган жаныбарлар мыйзамсыз алынган деп эсептелет жана аларды сатып алуу, сатуу жана кармоо тыюу салынган.

Жыйынтыгында, жаныбарлар NABU Жаратылышты коргоо уюмуна өткөрүлүп берилди. Бул окуя боюнча материалдар Кемин райондук ИИБге жөнөтүлдү, териштирүү иштери уланууда.

 

10:45, 18-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар