Суук түшүп, үшүк жүрөт! Октябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет октябрь айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Чүй облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 7…12ге чейин жетип, кээ бир түндөрү -1...-3 градус суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз күндүн табы 13…18ден 23…28 градуска жогорулап, кайра 5…10 градуска чейин төмөндөшү ыктымал.

Талас облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 7…12 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Кээ бир түндөрү -2...-4 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Күндүз тыштагы температура 12…17ден 22…27ге чейин өзгөрүп, кайра 4…9га түшүп кетиши мүмкүн.

Жалал-Абад облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн кээде 1…6, кээде 9…14 градуска жетип турат. Ал эми күндүз 15…20дан жогорулап отуруп 23…28 градуска чейин жетет. Кээ бир күндөрү кайра 9…14кө чейин төмөндөп кетиши ыктымал.

Баткен облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 9…14 градуска чейин өзгөрүлүп турат. Күндүз болсо 15…20дан улам жогорулап отуруп 23…28 градуска жетет. Кээ бир күндөрү күндүн табы кайра 9…14 градуска түшөт.

Ысык-Көл облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7нин тегерегинде болуп, кээ бир түндөрү 0…-5 градуска чейин суук болот. Ал эми күндүз 5…10дон 15…20 градуска чейин жылыйт.

Нарын облусу

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5тин тегерегинде болуп, кээ бир түндөрү -3…-8 градуска чейин суук болот. Ал эми күндүз 9…14төн 16…21 градуска чейин өзгөрөт. Кээ бир күндөрү температура 3…8 градуска чейин төмөндөйт.

 

10:01, 17-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар