Садыр Жапаров Токмокто Ислам академиясы ачыларын айтты
Токмок шаарында жакынкы күндөрү Ислам академиясы ачылганы турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө өлкөлөрдүн диний лидерлеринин делегациясын кабыл алганда билдирди.
Анын айтымында, академия диний сабаттуулукту жогорулатуу жана диний кызматкерлердин билимин арттыруу, кайра даярдоо максатын көздөйт. Президент азыркы заманда ар кандай диний агымдар көбөйүп, жаштар интернет жана соцтармактар аркылуу кантип азгырылып кеткенин билбей калып жатышканын белгилеген.
“Буга байланыштуу Садыр Жапаров руханий лидерлердин негизги милдеттеринин бири жаш муунду ата-бабалардан калган салттуу диний баалуулуктардын негизинде тарбиялоо керектигин айтты. Ал коомго ар кандай тескери агымдарга азгырылбаган, ыйманы таза, ар кыл билимге эгедер, нарк-насилге сугарылган, сабаттуу жаштар керектигин белгиледи”, — деп айтылат маалыматта.
Өлкө башчы ошондой эле ТМУнун диний лидерлеринин жыйыны жалпы түрк мамлекеттеринин руханий биримдигин бекемдеп, бир туугандык жана боордоштук мамилелерди арттырууда чоң мааниге ээ экенин кошумчалаган.