ЖК комитети Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүүнү дароо үч окууда колдоду
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитети 9-сентябрдагы отурумунда Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун дароо үч окууда кабыл алып берди. Документ эми Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылат.
Жыйында Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев шаардын атын өзгөртүү сунушун жергиликтүү тургундар бергенин айтты.
Жалал-Абад шаардык кеңеши 3-сентябрда кезексиз сессияда калаанын аталышын Манас кылып өзгөртүү боюнча шаардын мэри Эрнисбек Ормоковдун сунушун колдогон.
Шаар 1991-жылы Жалал-Абад облусунун борбору деп аныкталган. Соңку жылдары бул калаада көптөгөн инфраструктуралык курулуштар жүрүүдө. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын көп кабаттуу үйлөрү салынып, ички жолдор, стадион, социалдык объектилер курулуп, жасалды.
Быйыл 31-август - Эгемендик күнүн президент Садыр Жапаров Жалал-Абад шаарында белгилеп, ири администрациялык имараттын ачылышына катышкан.