ӨКМ Ала-Арча капчыгайынан орусиялык эки альпинисти куткарды
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ала-Арча капчыгайынын “Байчечекей” чокусунда калып калган орусиялык эки альпинист куткарылганын билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, алар 20-августта Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайындагы “Байчечекей” чокусуна Ильюшинка 4б маршруту менен чыгып, кайтып келатканканда караңгы кирип кетип, жол таппай тоодо түнөп калышкан.
“Байчечекей” чокусу деңиз деңгээлинен 4515 метр бийиктикте жайгашкандыктан, куткарууга ӨКМдин AIRBUS H125 тик учагы тартылып, саат 6:55те чокуда калган альпинисттерди тик учак менен Бишкек шаарына алынып келип, министрликтин Апааттык медицина кызматынын дарыгерлери алгачкы жардамды көрсөтүштү.