Касымалиев стадион менен конгресс-холлдун курулушун көрүп чыкты. Сүрөт
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкектеги эл аралык класстагы стадиондун жана конгресс-холлдун курулушунун көрүп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Бишкекте курулуп жаткан 51 миң адамга ылайыкташкан стадиондун курулушу тууралуу маалымат берди. ФИФАнын жогорку талаптарына жооп берген бул сегиз кабаттуу спорттук комплекс боз үйдүн формасында салынууда. Стадиондун бийиктиги — 70 метр, диаметри — 280 метр. 1800 автоунаа токтотуучу жай каралып, кийин 3000ге чейин кеңейтилип, эл аралык мелдештерди өткөрүүгө ыңгайлуу болот.
Касымалиев бул сыяктуу ири долбоорлор өлкөнүн келечегине инвестиция экенин айтып, курулуш иштерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүрүүнү тапшырды.
Мындан тышкары, ал Чыңгыз Айтматов проспектинде салынып жаткан конгресс-холлдун курулушу менен таанышып, расмий делегациялар үчүн делген залдарды, конок үйлөрдү көрүп чыкты. Бул имарат эл аралык жолугушууларды өткөрүүгө ылайык заманбап талаптарга жооп бериши керектигин белгиледи.