ТИМ: Якутиядагы жол кырсыгынан 3 кыргызстандык каза болду

Якутияда автобус жардан кулап, 13 адам каза болду, алардын үчөө — кыргызстандык. Бул тууралуу ТИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 21-июлга караган түнү Нерюнгрин районунда болгон.

"Чыгыш Денисовская" шахтасынын кызматкерлерин ташып бараткан автобус жардан кулап, 13 адам каза болгон. Алардын ичинде Кыргызстандын жарандары: 44 жаштагы М.У.М., 34 жаштагы К.у.К. жана 25 жаштагы Э.А. да бар экени такталды", — деп айтылат маалыматта.

Каза болгондордун сөөгүн алып келүү аракеттери көрүлүп, Якутскидеги дипөкүлчүлүк жакындарына тийиштүү жардам көрсөтүп жатканы айтылды.

15:15, 22-07-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар