Антимонополия кызматы кымбатчылыктын 4 себебин атады

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргызстанда социалдык маанидеги товарлардын баасынын өсүшүнө таасир этип жаткан негизги төрт факторду тизмектеди.

Алар:

  • логистика — чийки затты жана даяр продукцияны ташып келүүгө кеткен чыгымдар;
  • валюта курсу — сомдун наркынын импорттолгон товарлардын баасына тийгизген таасири;
  • өндүрүш чыгымдары — электр энергиясына, жабдууларга, сырьего жана кызматкерлердин эмгек акысына жумшалган каражаттар;
  • мезгилдик жагдай — айрым товарларга болгон суроо-талаптын убактылуу көбөйүшү.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча, социалдык маанидеги товарлардын катарына ун, сүт азыктары, эт, балык, дан азыктары, жумуртка, жашылча, көмүр жана бензин кирет. Мындан тышкары, бул тизмеге айыл чарба багытындагы минералдык жер семирткичтер менен малдын тоюту да кошулган.

 

10:31, 21-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар