Садыр Жапаров Египеттин президенти менен кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда Египет Араб Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси менен Каир шаарында кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Кыргыз-мисир кызматташтыгынын негизги багыттары, анын ичинде саясий диалогду өнүктүрүү, экономикалык өз ара аракеттенүү, инвестициялар жана эки жактуу кызыкчылыкты туудурган башка маселелер талкууланды.

Эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу мамилелердин оң динамикасына ыраазычылык билдиришип, аларга жаңы импульс берүүгө даяр экендиктерин баса белгилешти.

Президент Абдель Фаттах Ас-Сиси президент Садыр Жапаровду жылуу тосуп алып, Египет Кыргызстан менен достук мамилелерди өнүктүрүүгө зор маани берерин белгиледи.

Ал Египет тараптын саясий диалогду чыңдоого жана бардык өз ара пайдалуу багыттар боюнча практикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө даярдыгын баса белгиледи.

Египеттин президенти кыргыз лидеринин сапары эки өлкөнүн ортосундагы өнөктөштүктө маанилүү кадам болуп, биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу үчүн бекем негиз түзөрүнө ишеним билдирди.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын бир дагы мамлекет башчысы Африка континентине иш сапары менен келген эместигин белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Египеттин Жакынкы Чыгыш аймагындагы жана Африка континентиндеги конструктивдүү ролун жогору баалады.

Ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы достукту бекемдөө жана байланыштарды өнүктүрүү максатында Каир шаарында Кыргызстандын элчилигин ачуу чечими кабыл алынганын билдирди.

Кыргызстан менен Египеттин ортосундагы соода-экономикалык, инвестициялык жана илимий-техникалык тармактарда өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө багытталган макулдашууларга кол коюлат, ошондой эле өкмөттөр аралык комиссияны түзүү чечими кабыл алынды. Садыр Жапаров анын биринчи отурумун Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

Өз кезегинде Египеттин президенти бул демилгени колдоду.

Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн эл аралык уюмдардын, анын ичинде БУУнун, Ислам кызматташтык уюмунун жана Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында активдүү өз ара аракеттенүүсүн белгиледи.

Садыр Жапаров Абдель Фаттах Ас-Сисини Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө жана 2026-жылдын күзүндө Бишкекте өтө турган ШКУнун саммитине, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө арналган иш-чараларга катышууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Египеттин ортосунда өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн зор мүмкүнчүлүктөр бар экенин ырасташты.

16:08, 05-11-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар