Кайсы адистиктерге жалпы республикалык тестирлөөсүз тапшыруу мүмкүн? Жаңы буйрук тууралуу:

Билим берүү жана илим министрлиги абитуриенттерди окууга кабыл алууда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктары керек болбогон даярдоо багыттары менен адистиктердин тизмесин бекитти.

Тиешелүү буйрук 7-февралда кабыл алынган.

Адисдиктердин аталышы:

1. Дене тарбия жана спорт;

2. Ден соолугунда мандеми бар адамдар үчүн дене тарбия (адаптивдүү дене тарбия);

3. Искусство таануу;

4. Театр таануу;

5. Хореография искусствонун тарыхы жана теориясы;

6. Музыка таануу;

7. Кино таануу;

8. Кинооператорлук;

9. Көркөм сүрөт искусствосунун тарыхы жана теориясы;

10. Инструменталдык аткаруучулук (инструменттердин түрлөрү боюнча);

11. Вокалдык искусство (вокалдын түрлөрү боюнча);

12. Дирижерлук кылуу (аткаруучу коллективдердин түрлөрү боюнча);

13. Композиция;

14. Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча);

15. Үн режиссурасы (колдонулуучу багыттары боюнча;

16. Актердук өнөр;

17. Режиссура (колдонулуучу багыттары боюнча);

18. Театралдык-декорациялык искусство;

19. Хореографиялык өнөр;

20. Хореографиялык режиссура;

21. Хореографиялык педагогика;

22. Дизайн;

23. Интерьер жана жабдуулар;

24. Декоративдик-колдонмо искусствосу жана элдик кол өнөрчүлүк;

25. Монументалдык-декоративдик искусство;

26. Живопись;

27. Графика;

28. Скульптура;

29. Адабият чыгармачылыгы;

30. Элдик көркөм чыгармачылыгы;

31. Социалдык-маданият ишмердүүлүгү;

32. Көркөмдүк билим берүү;

33. Көркөм сүрөт искусствосу.

10:37, 14-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар