Python тилинде программалоону үйрөнгүңүз келеби? Шашылыңыз! Акысыз онлайн курс жарыяланды

7-февралдан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда “Python тилинде программалоо” онлайн-курсуна акысыз кабыл алууну баштайт. Ал информатика мугалимдеринин квалификациясын, техникалык жогорку окуу жайлардын студенттеринин жана программисттердин көндүмдөрүн жогорулатат.

“Квалификацияны жогорулатуу курстарын онлайн форматка өткөрүү билим берүүнү санариптештирүүдөгү артыкчылыктардын бири. Бул программада мугалимдер курс тандай алат жана аралыктан окуйт”, – дейт билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева.

Өтүнмөлөр 31-мартка чейин кабыл алынат. Катталуу үчүн катышуучунун анкетасын толтуруу жана почтадан окутууга шилтеме бар катты күтүү керек.

Курс сабактар, маселелер жана тесттер, ошондой эле жыйынтыктоочу тест менен бирге 5 модулдан турат. Катышуучулар тилдин базалык түзүлүшүн, коллекцияларды, сүрөттөрдү документтерди жана бет ачарларды иштетүү үчүн китепканаларды жана объектиге багытталган программалоонун негизги концепцияларын үйрөнүшөт. 

Окутуу 1-1,5 айга жакын созулат – аны 31-майга чейин бүтүрүү керек. Курстан жана жыйынтык тесттен ийгиликтүү өткөн катышуучулар сертификат алышат, аларга акысыз методикалык материалдар дагы кошумча жеткиликтүү болот.

11:46, 07-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар