Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевге Футбол федерациясын жетектөөнү сунуштады

Мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге Кыргыз футбол федерациясын жетектөөнү сунуштаганын билдирген.

Журналист Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы бийлик шарт түзүп берип жатканына карабай Азия оюндарында жакшы жыйынтык көрсөтпөгөнүн айтып, президенттин пикирин сураган. Өлкө башчы футболчуларга шарт эми эле түзүлүп, каржылоо башталганын белгилеп, жыйынтыкты жок дегенде 3-4 жылда күтүү керектигин айткан.Президент Кыргызстан азырынча сырттан машыктыруучу алып келүүгө мажбур экенин айтып, келечекте Кыргызстан футбол боюнча күрөштөгүдөй жакшы жыйынтык көрсөтөт деген ишеничин билдирген.

Эскерте кетсек, футбол боюнча Азия кубогундагы оюнда Кыргызстандын курама командасы эки ирет утулуп, бир оюнда тең эсеп менен чыккан. Натыйжада тайпада акыркы орунду ээлеп, континенталдык биринчиликтин плей-оффуна чыга алган эмес. Бул оюндан кийин Кыргыз футбол союзунун (КФС) аткаруу комитети менен президенти мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырган.. 

Алдаба
10:12, 31-01-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар