Борбордо алгачкы акы төлөнүүчү электрондук унаа токтотуучу жай тесттик режимде иштей баштады
Унаа жайга кирери менен автоматтык түрдө анын мамлекеттик номери, токтогон жана жайды пайдаланган мөөнөтү жазылат. Төлөмдөр MegaPay тиркемеси же parking.kg сайты аркылуу 15 күн ичинде төлөнүшү зарыл. Кечиктирилсе айып салынат.
Эми мындай жайлар Киев — Тыныстанов — Фрунзе — Турусбеков менен чектешкен аймакка түшөт.
Бишкек мэриянын жанындагы мындай жай россиялык Sitronics Group тарабынан жабдылган.