Кино, мультфильм жана театралдык оюн-зооктордо чылым чегүүнү көрсөткөндөргө айып салуу сунушталды
Кино, мультфильм жана театралдык оюн-зооктордо чылым чегүүнү көрсөткөндөргө айып салуу сунушталды. Чектөөлөр тамекиге эле эмес, электрондук тамеки, кальян жана башкаларга да тиешелүү.
Айыптар:
•жарнамалоо — жеке жактарга 10 миң, юридикалык тараптарга 28 миң сом;
•кино, спектакль, телерадиопрограмма, ТВдагы эфирлерде көрсөтүү — 10 жана 35 миң сом;
•мультфильм, балдарга арналган көрсөтүүлөрдө жана башка балдардын контентинде көрсөтүү — 15 жана 40 миң сом.
Бирок чет өлкөлүк тасмаларда же сериалдарда мындай картина кездешсе айып салынар-салынбасы белгисиз.
Саламаттык сактоо министрлиги коомдук жайларда тамеки чеккендерге да 1000 сом, кайталап кармалса 2000 сом айып салууну демилгеледи.
Булак: Region.tv