УКМК: Көлбаевдин тобуна тиешеси бар делген эки адам кармалды

Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Казбек кара” деген ат менен белгилүү К.С. Билалов жана ушул эле кылмыштуу топко тиешеси бар П.О.В. аттуу жаран кармалды. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдиргендей, Билалов буга чейин бир нече жолу сот жообуна тартылган. Ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

П.О.В. аттуу жарандын үйүндө жана иш бөлмөсүндө ок атуучу куралдардын гильзалары, бычактар жана мамлекеттик маанидеги көп сандагы документтер (паспорт, диплом ж.б.) табылган. Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Мындан тышкары анын фирмаларынын каржылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө буйрук берилди.

Айрым басылмалар кармалгандардын биринчиси Казбек Билалов экенин, экинчиси ишкер Олег Подобедов экенин маалымдады. Казбек Билалов бир күн мурун эле уюшкан кылмыштуу топтордон баш тартарын, мындан ары мыйзам менен жашай турганын билдирип, видео кайрылуу тараткан.

12:58, 11-10-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар