Даниел Ажиев мамлекеттик бюджетке 44 миллион сом которгону маалым болду

28-июлда Даниел Ажиев мамлекетке 44 миллион сом өлчөмүндө демөөрчүлүк салым которгондугу тууралуу АКИpress агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.

Эске салсак, буга чейин УКМКга арыз менен Э.А. аттуу жаран андан опузалап акча талап кылуу фактысы боюнча кайрылган. Анын айтымында, ал веб-камера студияларынын оператору болуп иштеп, эмгек тартибин бузуп, ал үчүн администратор тарабынан психологиялык кысым көрсөтүлгөнүн, администратор зомбулук көрсөтөм деп коркутуп, 2000 доллар талап кыла баштагандыгын айткан. Тергөөнүн алкагында атайын кызмат Ажиевге таандык үч чоң студияда тинтүү жүргүзүп, сайттарда акы төлөнүүчү интимдик кызмат көрсөтүү иштерин уюштуруу үчүн 30 оператор жана 80 компьютердик техника пайдаланылгандыгын аныктаган.

Ажиев камакка алынып, кийин психологиялык ооруканага жаткырылып, эркиндикке чыккан.

Ажиев 31-майда Кыргызстандан чыгып кетип, издөөгө алынган. УКМКнын өтүнүчү менен ал Бириккен Араб Эмираттарына учмакчы болгондо Өзбекстанда кармалган. 4-июнда Ажиев Кыргызстанга экстрадицияланып, 5-июнда УКМКнын СИЗОсуна камалган.

11:24, 17-10-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар