КӨТӨРҮЛГӨН БЮДЖЕТТИ БӨКСӨРТКӨН КАРЫЗДАР: ЭКОНОМИКАДА ЭМНЕ КЕП
Кыргызстан 2023-жылы 352 млрд 807 млн сом киреше таап бюджетин толтурду. Ал эми чыгаша 361 млрд 795 млн сом болду. Тартыштык 8 млрд 987 млн сом.
Кыргызстан чынында акыркы эки жылда бюджетти көбөйтүүгө болгон күчүн жумшоодо.
Салык системамсындагы реформа, ККМ апараттар, бажыдагы төгүмдөрдүн түшүп жатышы, коррупция менен болгон күрөш же болбосо кустурация ыкмасы бюджетти толтурду.
Бирок ,чыгаша да ошончо көбөйдү. Анын ичинен эң орчундуусу бул мамлекеттик карыз. Өлкө карыздарды төлөөдө эң чоң суммаларга туура келген жылдарды өткөрө баштады.
Маселен 2023-жылы карызды төлөөгө 53 млрд сом бөлүү пландалган.
Финансы министри Алмаз Бакетаев 19-декабрга карата 49 млрд сом төлөнгөнүн айткан.
Кирип келген 2024-жылга бекитилген бюджетти карай турган болсок. 378 млрд 437 млн сом болот деп пландалды. 2023 кө караганда бюджетибизге дээрлик 30 млярдка көбүрөөк акча түшөт экен деп сүйүнүп жатканыбыз менен 2024-жылы карызды төлөөгө 66,9 млрд сом коротобуз.
2024-жылы чыгаша 367 млрд 500 млн сомго жетет. Республикалык бюджеттин профицити 10 млрд 900 млн сом болот деп бекитилген.
Айтор алдыңы үч жылда көбүрөөк киреше таап, көбүрөөк карыз төлөө менен жыл алмашат көрүнөт.
Бересе үчүн 2025 - жылы 76 млрд сом;
2026 -жылы 87,3 млрд сом коротуу заарылдыгы графикте турат.
Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, тышкы карыз 2011-жылга чейин 2 млярд 802 млн доллардан аша элек болчу. Бул карыздар эгемендүүлүк алгандан 2005-жылга чейин Акаев ,2010-жылга чейин Бакиев башкарып турганда алынган. Алмазбек Атамбаев мамлекетти башкарып турган 2011-2017- жылдар аралыгында карыз 4 млрд. 89 млн. долларга жеткен. Бишкек Жылуулук электр борбору үчүн 386 млн. доллар, “Датка-Кемин” долбооруна 389 млн. доллар, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолун салууга 857 млн. доллар насыя алынган.
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнү башкарган 2017-2020-жылдары тышкы карыз 4 млрд. 217 млн. доллар болгон.
Ал эми Садыр Жапаров башкарып турган 2023-ж 30-октябрына карата, Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд 482,43 млн доллар, ички карыз 1 млрд 518,16 млн долларды түздү.