Садыр Жапаров Эмгек кодексине кол койду

Президент Садыр Жапаров Эмгек кодексине кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган документ Жогорку Кеңеш тарабынан 18-декабрда кабыл алынып, эмгек мамилелерин жөнөкөйлөштүрүү, эмгек келишимдерин электрондук түрдө жүргүзүү, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жумуш орундарын квоталоо боюнча чаралар каралган.

Мындан сырткары, эмгек акыны жана башка төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөн иш берүүчүлөр үчүн 0,25 пайыз өлчөмүндөгү айыптык коюм киргизилди. Кош бойлуу жана бала эмизген аялдардын оор шарттарда иштөөсүнө тыюу салуу чаралары бекемделди.

Муну менен бирге майрамдардын жана жумуш эмес күндөрдүн санын оптималдаштыруу каралган. Алсак, 23-февраль (Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрель (Апрель элдик революциясы күнү), 7-8-ноябрь (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү) майрам бойдон калат, бирок иш күндөрү болот. Ошондой эле дем алыш күндөрдү жылдыруу нормасы жокко чыгарылды. Мурда майрам ишемби же жекшембиге туура келсе, эс алуу күнү кийинки жумуш күнүнө которулчу. Эми мындай болбойт.

Документте жаңы жыл (1-6-январь) жана май майрамдары (1, 2, 3, 4, 6, 7, 8-май) да так көрсөтүлгөн.

17:37, 24-01-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар