Борбордо автобустар жаңы жыл күнү 12 багытта  жүрөт

Бишкектин "Ала-Тоо" аянтындагы Жаңы жылдык көңүл ачуучу иш-чаралардан кийин 1-январга караган түнү коомдук муниципалдык автобустар шаардыктарды бир канча каттамдар менен ташыйт. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

1-январда саат 00:30дан баштап:

"Ала-Тоо" аянты – Рухий Мурас конушу;

"Ала-Тоо" аянты – Көк-Жар конушу;

"Ала-Тоо" аянты – 12-кичи район;

"Ала-Тоо" аянты – Чоң-Арык аймагы;

"Ала-Тоо" аянты – Совмин шаарчасы;

"Ала-Тоо" аянты – Арча-Бешик конушу;

"Ала-Тоо" аянты – Ак-Ордо конушу;

"Ала-Тоо" аянты – Ала-Тоо конушу;

"Ала-Тоо" аянты – Ак-Босого конушу;

"Ала-Тоо" аянты – Бакай-Ата конушу;

"Ала-Тоо" аянты – Эне-Сай конушу;

"Ала-Тоо" аянты – Аламүдүн-1 кичи району.

Мэриядан учурдагы троллейбустук каттамдар да 1-январда саат 00:30дан 01:30га чейин Киев көчөсү менен жүрөрүн билдиришти.

Кандайдыр бир суроолор жаралса 0 505 192 619 номерлүү ишеним телефонуна кайрылууга болот.

15:15, 26-12-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар