Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутат Алтынбек Кылычбаев ант берди
Бүгүн, 2-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында жаңы депутат Алтынбек Кылычбаев ант берди.
Мыйзамга ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеште ант берген күндөн тартып башталат. Ага ылайык Кылычбаев парламенттин бүгүнкү жыйынында ант берип, депутаттык ишине расмий киришти.
Алтынбек Кылычбаев 22-сентябрда №13 Сузак аймагында өткөн шайлоодо депутат болуп шайланган.