2024-жылы Түндүк-Түштүк магистралы аяктайт
2024-жылы Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолу пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылды жыйынтыктаган жыйында билдирди.
Төрөбаевдин берген маалыматына караганда, кийинки жылы Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде төмөнкү иштер жасалат:
Түндүк-Түштүк магистралы пайдаланууга берилет;
“Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду” жолун оңдоо иштери аяктайт;
“Түп – Кеген”, “Каркыра – Турук – Сары-Жаз”, “Балыкчы – Бөкөнбаев – Барскоон”, “Нарын – Баетов”, “Ала-Бука – Жаны-Базар – Кировка”, “Ош – Баткен – Исфана” жолдорун оңдоп-түзөө улантылат;
“Корумду – Балбай Баатыр” жолун асфальттоо башталат;
Кытай менен үчүнчү кошумча жол – “Бедел” өткөрмө пункту салынат;
Эркеч-Тамда төрт тилкелүү “Достук көпүрөсү” ачылат.
Аны менен катар, Каракол тоо лыжа базасына кеткен жолго, “Базар-Коргон – Кызыл-Үңкүр” жолуна, Сары-Челекке кеткен жолго жаңыча шарттагы жайлар ачылат, жолдору оңдолот.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу башталат. “Балыкчы-Кочкор” темир жолунун 20 километри салынат.
Андан тышкары түштүк транспорт коридору аркылуу “Кыргызстан – Өзбекстан – Түркмөнстан – Каспий деңизи” багыты аркылуу Азербайжан, Орусия, Түркия мамлекеттерине жана Европага чыгуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды.