Казак-орус чек арасында калган мигранттар Кыргызстанга келди (видео)
Орусияга кирүүгө уруксат берилбей, орус-казак чек арасында калган кыргызстандык мигранттар 10-октябрда мекенине кайтып келди. Аларды кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекетинен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери тосуп алышты.
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Алматыдагы Башкы консулдуктун жардамы менен мекендештер 10-октябрда, күүгүмдө кыргыз-казак чек арасындагы Акжол (Кордай) көзөмөл-өткөрүү пунктуна аман-эсен жеткирилген.
Социалдык тармактарда Орусияда иштеген он чакты кыргызстандык жаран паспортуна "кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчун Казакстанга кирип, кайра Орусияга өтө албай, чек арада ачка, акчасыз калганы тууралуу маалымат тараган. Алардын бири Орал шаарында казак аскерлери документтерин алып, 7 миң рублдан акча талап кылганын билдирген.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, аларды алгач Чымкент шаарына, андан кийин Бишкекке жиберүү маселеси чечилгенин, алар 9-октябрда жолго чыкканын кабарлаган.