"Ажырашууну үлгү көрбөшүбүз керек". Акылбек Жапаров соц тармакта үрп-адатына каршы келбеген маалыматтарды чектөөгө чакырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров социалдык тармакта кыргыздын улуттук салтына, үрп-адатына каршы келбеген маалыматтарды чектөөгө чакырды.

Анын айтымында, коомдо ажырашуу үлгү катары кабыл алышбаш керек.

Кайыната, кайыненени сыйлабаган келин, атасынын кадыр баркы менен мактанып, келин болуп, кызмат өтөп, байбиче болуунун ордуна ажырашып кеткенин жарыялап, биз аны үлгү көрбөшүбүз керек. Анын баары, соцсетке чыкканы уят. Бизге кайыната чолок шымчан жүрбөшү керек дешчү, келин дагы жоолукту баштан түшүрбөсүн, — дейт Акылбек Жапаров.

14:47, 27-02-2024

Комментарийлер

Башка жаңылыктар