Минкаб төрагасы маморгандардын жетекчилерине үгүт иштерине аралашпоону эскертти
Бүгүн аппараттык кеңешмеде мамлекеттик кызмат органдарынын жетекчилерине Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча үгүт иштерине аралашпоо дагы бир жолу эскертилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Ал белгилегендей, эскертүүгө көнбөй, үгүт ишине аралашкан айрым аймактардагы кызматкерлерди жумуштан алуу учурлары да болду.
Адылбек Касымалиевдин айтымында, ар бир жаран өзү татыктуу деп эсептеген талапкерди — эч кимдин басымы, кийлигишүүсү же сатып алуусу жок — эркин тандоого тийиш.