Бишкекте мектепке бомба коюлду деп жөнөттү делип 3 өспүрүм кармалды
Бишкекте мектепке бомба коюлду деп жөнөттү делип 3 өспүрүм кармалды
Бишкектеги No33 мектепке бомба коюлганы тууралуу билдирүүлөрдү жөнөткөн делип, үч өспүрүм кармалды
Бири 14 жашта, экөө 15 жашта. Эскерте кетсек, бул мектепке ушул жумада эле үч жолу жалган билдирүү түшкөн.
УКМК өспүрүмдөр жасаган кылмыштарын моюнга алышканын билдирди. Эми алар башка окуу жайларга байланыштуу ушундай фактыларга тиешеси жок экенин текшерилип жатышат.
Атайын кызмат жалган маалымат үчүн бир жылдан үч жылга чейин түзөтүү жумуштары, 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып пул же беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын эске салды