Ташиев сойкуканаларды жабууга тапшырма берди

УКМКнын төрагасы Камчык Ташиев 2023-жылдын 1-декабрына чейин республика боюнча интим кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин жана сойкуканаларды жабууга тапшырма берди. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Мындай милдет мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине жүктөлдү.

Ал УКМК кызматкерлеринин оперативдүү иш-чараларынын артыкчылыктуу милдети катары интим кызмат көрсөткөн ар кандай оюн-зоок жайларын, мончо комплекстерин, сойкуканаларды уюштуруудагы мыйзамсыз аракеттерге бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө зарылдыгын эскерткен.

"УКМКга аталган мекемелердин мындан аркы иши тууралуу маалымат келип түшсө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери ээлеген кызматтарынан алынары айтылды", — деп билдиришти маалымат кызматынан.

Бул туурасында Ташиев УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын расмий ачылышында сүйлөп жатканда айткан.

15:46, 30-11-2023

Комментарийлер

Башка жаңылыктар