Таласта иш жүзүндө окубаган студенттерге дипломдор берилген

Талас облусунун Айтматов районундагы №13 Ч.Түлөбердиев атындагы кесиптик лицейинде иш жүзүндө окубаган 14 студентке экзамендик баалар коюлуп, дипломдор мыйзамсыз берилген. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө аталган студенттер Кыргызстандын аймагында болбогондугу аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

 

14:30, 22-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар