Кыргызстанда адамга күйдүргү (Сибирь жарасы) жуккан учур катталды
9-май күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунан келген бейтаптан күйдүргү жуктурганы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдирди.
Иликтөөнүн жүрүшүндө айылдардын биринде мал союлуп, эти таратылганы белгилүү болгон. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан азыркы тапта бир адамдан илдет аныкталганын билдиришти.
ЖМКлар бир нече адамдан күйдүргүнүн белгилери байкалганын жазышууда.
Сибирь жарасы — жер кыртышында узак жылдар бою сакталып, адамдарга жана жаныбарларга коркунуч алып келген бактериялык жугуштуу дарт.