Камчыбек Ташиев Достук айылын Тажикстанга берүү себебин түшүндүрдү
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн 19-мартта Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында Баткен районундагы Достук айылынын Тажикстанга берилиши тууралуу маалымат берди.
Ал Достук айылы сууну толугу менен Тажикстандан алып, туруктуу 30-40 үй-бүлө жашап келгенин белгиледи. Айыл жакынкы Кызыл-Белге чейин 20, Баткенге чейин 30 чакырым болгондуктан жергиликтүү тургундарга кыйындык жараларын кошумчалады.
"Ал жерде жашаган адамдарга келечекте оор болуп калмак. Анткени суу дагы Тажикстандан алынат. Азыр Баткендин четиндеги Чет-Булак деген жерден жер бердик. Ал жердегилердин тилкеси ар кандай экен, кээ бирөөнүкү 5, 7, 8, 10 сотыхтан дагы бар экен. Биз 71 үйгө, жашабаган, бирок кожолугу барлардын бардыгына Чет-Булактан 10 сотыхтан үй курууга жер бердик. Мамлекет зыңкыйтып үй салып беребиз. Кошумча келечекте үй салганга деп дагы 10 сотых, Кызыл-Белден айыл чарбага үлүш 9 сотых жер берилди. Дээрлик 30 сотых ар бирине берилип жатат. Азыркы жашап жаткандарга бул экономикалык жактан эмес, бир аз психологиялык жактан кыйын болушу мүмкүн. Анткени ошол жерде туулуп өстү, киндик кан тамган, ата-энелери көмүлдү, өз айылынан таштап чыгып кетип жатат. Бирок кийинки муунга эң жакшы нерсе болот. Келечекте аларга окууга, жашоого шарт болот. Качан жаңжал болсо ошол айылы өрттөлүп, талкаланып, адамдар, жоокерлер өлөт. Ушуга чекит коюшубуз керек, ушул максатта кабыл алынды ", - деди Ташиев.