Кыргызстанда бир жумада 237 мас айдоочу кармалды
Кыргызстанда бир жумада 237 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
21нен 27-октябрга чейин 18 миң 682 жол эреже бузуу аныкталып, 1 миң 783 унаа айып короого коюлган.
Алардын ичинен:
Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 555;
Мас абалында унаа айдоо — 237;
Унаа айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу — 51;
Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар — 326;
Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 миң 202;
Автоээнбаштык — 6;
Белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3492;
Жалган мамлекттик номер менен унаа башкаруу — 2;
Башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 11 миң 137.