Быйыл Кыргызстанда акыркы коңгуроо 26-майда болот
2024-2025-окуу жылын жыйынтыктоо жана салтанаттуу иш-чаралар 26-майда саат 09:00 өткөрүлөт.
Коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги билим берүү уюмдарынын жетекчилерине жүктөлөт.
Иш-чараларды өткөрүүгө каражаттарды чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөргө жана алардын ата-энелерине башка иш-чараларды уюштурууга тыюу салынат.
Билим берүү департаменти, Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү нөөмөт уюштурулат.
Билим берүү уюмдарынын аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда окуучулардын коопсуздугуна ата-энелердин жоопкерчилиги тууралуу маалымат берүү максатында чогулуштар өткөрүлөт.
Тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна коркунуч келтирген техникалык жабдуулар, ошондой эле экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга тыюу салынат.