Ошто АКШдан импорттолгон 18 тонна жараксыз күрүч жок кылынды

Ошто АКШдан импорттолгон 18 тонна күрүч жараксыз экени аныкталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

"Кара-Суу Темир Жолу" карантиндик фитосанитардык көзөмөлдөө пунктунда адистер тарабынан жүргүзгөн көзөмөлдөөдө Америкадан импорттолгон жалпы салмагы 18 тонна болгон күрүч толугу менен жараксыз экени аныкталды.

Натыйжада Кыргызстандын карантин мыйзамдарынын талаптарына жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык, өлкө аймагына фитосанитардык кооптуу продукциялардын ташылып киришин алдын алуу боюнча көзөмөлдү камсыз кылуу максатында, аталган жүк тиешелүү адистер тарабынан Ош шаардык таштанды таштоочу жайында жок кылынды.

Бул Кыргызстандын аймагын фитосанитардык кооптуу продукциялардан коргоо боюнча мамлекеттик органдардын тыгыз кызматташтыгынын жана алдын алуу иш-чараларынын натыйжасы болду.

 

16:52, 18-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар