Жаран өзүнө өзү кол салып, башкалар тоноп кетишти деп жалган маалымат берген

Баткен облусунун Кадамжай районунда 25 жаштагы жаран өзүн бычак менен жаралап, белгисиз кишилер анын акчаларын тоноп кетишкен деп жалган маалымат берип кармалды. Бул тууралуу аталган облустун милициясы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 17-апрелде милиция бөлүмүнө 25 жаштагы К.А. аттуу жаранды эки белгисиз адам бычактап, 25 миң доллар акчасын тартып алышканы, ал эми жабырлануучу ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция бул окуя боюнча териштирүү жүргүзгөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгында жабырлануучу К.А. эч ким тарабынан бычакталбагандыгы, ал алган карызын бербөө үчүн өзүнө өзү кол салып, жалган маалымат таратканы аныкталган.

Милициянын маалыматында, жогорудагы жаран К.А. аталган райондун тургунунан 865 миң сом карыз алган. Кийин акчанын ээси карызды сураганда, аны тоноп кетишкендигин жасалмалап көрсөткүсү келген. Бул үчүн ал сыртынан караганда акча сыяктуу көрүнүшү үчүн кара желим баштыкка бир куту вафли салып алып, Кызыл-Кыя шаарынын өткөрмө постуна келген. Ал жердеги акча алмаштыруучу жайлардан сомдун долларга болгон курсун сурап, алдамчы көрүнүштү ишке ашырууга аракет кылган. Бирок акча алмаштырбастан, баштыкты көтөрүп, унаа жол менен бир нече жүз метр жөө басып барып, өзүн өзү бычак менен жаралаган. Андан кийин «103» кызматына чалып, бейтааныш адамдар аны бычактап, 25 миң долларын тартып алышты деп жалган маалымат билдирген.

Учурда бул факты боюнча тергөө жүрүп жатат.

 

12:36, 18-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар