Баткенде мунайды кайра иштеткен завод 31-августта ишке берилет

 Баткенде күнүнө 500 тонна мунайды кайра иштеткен завод 31-августта ишке берилет. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Көк-Талаа айылында курулуп жаткан заводго Баткендин башчысы Айбек Шаменов барган.

"Ишкана пайдаланууга берилсе бензиндин АИ-92, АИ-95 түрү, дизелдик отун, битум, газ жана башка майлар чыгарылат. Заводго чийки зат Бүргөндүдөн ташылып, кубаттуулугу күнүнө 500 тоннаны түзөт", — деп айтылат маалыматта.

Заводдо 200, мунайды жер астынан казып алууда 250 жумуш орду түзүлөт. Жалпы 90 миллион доллар инвестиция салынууда.

 

13:01, 17-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар