Мамдуманын депутаты: Айрым жагдайлар Россия менен Кыргызстандын мамилесине доо кетирбеши керек

Айрым жагдайлар Россия менен Кыргызстандын мамилесине доо кетирбеши керек, - деди Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты - "Евразия" автономдук коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алена Аршинова.

Ал Москвада Кыргызстандын жарандарынын кармалышы боюнча окуя мыйзам чегинде чечилип, өлкөлөрдүн бекем достугуна доо кетирбейт деп үмүттөнөрүн билдирди.

Аршинова белгилегендей, "Евразия" уюму Кыргызстан менен активдүү кызматташат.

"Кыргызстан биздин "Салттуу баалуулуктардын аймагы" флагмандык программабызга биринчилерден болуп кошулганын абдан баалайбыз. Биз биргеликте жаштарды тарбиялоого, мектептерге жардам берүүгө жана тарыхый чындыкты сактоого багытталган масштабдуу билим берүү жана патриоттук долбоорлорду ишке ашырабыз.

Алдыда бизди көптөгөн жетишкендиктер жана ачылыштар күтүп турганына ишенем жана айрым жагдайлар россия жана кыргыз элдеринин ортосундагы мамилени эч качан бузбашы керек", - деди Аршинова.

11:07, 16-04-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар