Тоңдогу "Южный" пансионаты мамлекетке кайтарылды

Ысык-Көлдүн Тоң районунун Кажы-Сай айылындагы "Южный" пансионаты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, пансионат мурда мамлекеттин менчигинде болгон. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында мамлекетке баасы 14 миллион 988 миң сомду түзгөн “Южный” пансионатынын имараты жана ага тиешелүү 10 183 чарчы метр жер тилкеси кайтарылган.

10:18, 12-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар