"Маңка-Жар" коктусундагы селден коргоочу дамба көзөмөлдө
"Маңка-Жар" коктусундагы селден коргоочу дамба көзөмөлдө.
Муниципалиттен билдиришкендей, "Маңка-Жар" коктусундагы селден коргоочу дамбаны тазалоо боюнча мурда көрүлгөн чаралардын алкагында нөшөрлөп жааган жамгырга карабастан, жазгы суу ташкынынын кесепеттерин болтурбоого мүмкүн болду.
Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө суунун деңгээли көзөмөлгө алынып, коктуда сууну сордуруу иштери жүрүп жатат. 3 бирдик атайын техника тартылып, 2400м3 топурак чыгарылды.
Иш-чара шаардык кызматтын адистери тарабынан КР ӨКМнин башкармалыгы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Эске салсак, буга чейин нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Маңка-Жар коктусундагы селден коргоочу дамбадан суу чыгып, анын кесепетинен Арча-Бешик конушундагы көчөлөрдү жана үйлөрдү (акыркы үч жылда 240 үй) сел каптаган.