Чүйдө баңгизаттарды жайылтууга шектелген 27 жаштагы жаран кармалды

Чүйдө синтетикалык баңгизаттарды жайылтууга (закладчик) шектелген 27 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун милициясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 13-февралда облустук милицияга белгисиз адам Чүйдө жана Бишкек шаарында ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизаттарды катып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин жыйынтыгында шектүү катары 27 жаштагы М.Б. аттуу жаран кармалган.

Милициянын айтымында, шектүү Телеграммканалы аркылуу куратордон» буйрутма алып, синтетикалык баңгизаттарды таратып жүргөнү аныкталган. Милиция кызматкерлери аны баңгизатты жерге көмүп жаткан жеринен кармашкан.

Анын жанынан 4 баштыкча, ал эми жашаган жеринен 15 баштык синтетикалык баңгизат табылып алынган. Мындан тышкары, шектүү синтетикалык баңгизаттарды каткан жерлерди көрсөтүп, катылган жерлерден 6 даана маңзат табылган.

Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылган заттар жалпы салмагы 645 грамм 930 миллиграмм болгон Альфа PVPсинтетикалык баңгизаты болуп чыккан.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тергөө уланууда.

16:46, 13-03-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар